Бою кичирээк (petite) дене түзүлүшүндөгү аялдардын кеңсе кийимин тандоодогу муктаждыктары жана көйгөйлөрү боюнча изилдөө

Урматтуу респондент,

Мен кийим технологиясы багытында билим алган студентмин. Бул изилдөөдө petite (бою кичирээк) дене түзүлүшүндөгү аялдардын муктаждыктарын жана кеңсе кийимин тандоодо туш болгон көйгөйлөрүн аныктоону көздөйм.

Сурамжылоонун максаты — petite дене түзүлүшүндөгү аялдар жумушка ылайыктуу кийим издөөдө кандай кыйынчылыктарга туш болорун, кийимдин конструкциялык жана эстетикалык кайсы өзгөчөлүктөрү алар үчүн маанилүү экенин жана petite дене түзүлүшүнө ылайыкташтырылган кеңсе кийимдер коллекциясынан кандай күтүүлөрү бар экенин аныктоо.

Сурамжылоо анонимдүү. Алынган маалыматтар дипломдук иштин изилдөө максаттары үчүн гана колдонулат. Анкетаны толтурууга болжол менен 10 мүнөт кетет.

Бул изилдөөдө petite дене түзүлүшү аялдын бою 163 смге чейин деп аныкталат.

Убактыңызды бөлгөнүңүз үчүн рахмат!

Жыйынтыктар авторго гана жеткиликтүү
Жооп берүүнүн болжолдуу убактысы

Жашыңыз канчада?

Боюңуз канча?

Учурдагы кесиптик ишмердигиңиз кандай?

Жумушка же иштик чөйрөгө ылайыктуу кийимдерди канчалык көп сатып аласыз?

Кеңсе кийимдерин көбүнчө кайдан сатып аласыз?

Боюңузду жана дене пропорцияларыңызды эске алганда, жумушка ылайыктуу кийим табуу сиз үчүн кыйынбы?

Кеңсе кийимин тандоодо көбүнчө кандай көйгөйлөргө туш болосуз? Бир нече жоопту тандай аласыз.

Кайсы кийим түрлөрүнүн ылайыктуу моделин табуу сиз үчүн эң кыйын? Бир нече жоопту тандай аласыз.

Сатып алган кийимиңиз боюңузга жана дене түзүлүшүңүзгө туура келиши үчүн аны канчалык көп оңдотууга же кыскартууга туура келет?

Жактырган кийимиңиз боюңузга же дене пропорцияларыңызга туура келбегендиктен аны сатып алуудан баш тарткан учуруңуз болду беле?

Кеңсе кийимин тандоодо эмнеге көбүрөөк көңүл бурасыз? 3төн ашпаган жоопту тандаңыз.

Petite дене түзүлүшүнө ылайык кийимдин кайсы өзгөчөлүктөрү сиз үчүн эң маанилүү? Бир нече жоопту тандай аласыз.

Жумушка көбүнчө кандай силуэттеги көйнөктөрдү тандайсыз же тандагыңыз келет?

Кеңсе чөйрөсү үчүн көйнөктүн кайсы узундугун эң ылайыктуу деп эсептейсиз?

Кеңсе кийимин тандоодо кайсы түстөр менен оймо-чиймелерди жактырасыз? Бир нече жоопту тандай аласыз.

Сиздин оюңузча, кийим дүкөндөрүндө бою кыскараак аялдар үчүн атайын ылайыкташтырылган кеңсе кийимдери жетиштүүбү?

Petite дене түзүлүшүндөгү аялдар үчүн атайын түзүлгөн кеңсе кийимдер коллекциясынан кийим сатып алат белеңиз?

Petite дене түзүлүшүнө арналган кеңсе кийимдер коллекциясынан кандай кийимдерди көргүңүз келет? Бир нече жоопту тандай аласыз.

Petite дене түзүлүшү үчүн атайын жасалган кеңсе кийимин сатып алууга сизди эң көп кайсы өзгөчөлүк түрткү берет?

Кеңсе кийимин издөөдө сиз туш болгон эң чоң көйгөй кайсы жана кийим базарында эмнени эң көп жетишпейт деп эсептейсиз?